Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым тургундары карыздар үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым тургундары карыздар үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. 24-августта “Чыгышэлектро” компания алдында карызы бар керектөөчүлөрдү электр энергиясынан өчүрүүнү пландап жатат.

 

Белгилүү болгондой, эки облустагы жалпы карыз 99 миллион 400 миң сомду түзөт. Ушул жылдын март айында “Чыгышэлектр” өкмөттүн сунушу менен карызы барларды убактылуу жарыктан өчүрбөй калган болчу.