Премьер-министрди жана өкмөттүн жаңы курамын депутаттар президенттин инаугурациясынан кийин бекитет

Премьер-министрди жана өкмөттүн жаңы курамын депутаттар президенттин инаугурациясынан кийин бекитет. Бул тууралуу 24 агенттигине парламенттен билдиришти.

 

Министрлер кабинетин түзүү жана анын башчысын тандоо азыркы Конституцияга ылайык өтөт. Аны парламенттин көпчүлүк коалициясы чечет. Белгилеп кетсек, Садыр Жапаров премьер-министрликти тапшырган, учурда өкмөт башчынын милдетин Артем Новиков аткарууда.