Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселесин карайт. 6-чакырылыштын депутаттары бүгүн кезектеги отурумга чогулат. Отурум “Ала-Арча”мамлекеттик резиденциясында өтөт, — дешти парламенттин басма-сөз кызматынан.
Эл өкүлдөрү шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөө акысын түшүрүү жана форма 2 боюнча добуш берүү суроолорун талкуулайт.
Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоолордун жыйнтыгына нааразы эл көтөрүлүп, өлкөдө бийлик алмашты. БШК өз кезегинде, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.