Сот аткаруу кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды

Сот аткаруу кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн өкүлү

пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук

мамлекеттик кызматы билдирет. Билдирүүгө ылайык, кечээ, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө

37 жаштагы сот аткаруучу иш бөлмөсүнөн кармалды. Ал кызматтык абалынан пайдаланып

жарандан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш ишин токтотуу үчүн акча талап кылган.

Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,

УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.