“Жашыл мурас”: Кыргызстанда жарым жылда 1 миң 180 гектар жерге көчөт тигилди

“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстанда жарым жылда 1 миң 180 гектар жерге көчөт тигилди.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында токойлорду көбөйтүү жана калыбына келтирүү максатында тиешелүү тараптарга 1 миң 130 гектар токой тигүү ташырмасы берилген.

Иш жүзүндө план 104 пайыздан ашыкка аткарылды, — деди чиновник.