Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузулат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Жалпы Кыргызстан боюнча Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталды.

Бул өнөктүк салттуу болуп, жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарында 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда, — деди мамлекет башчы.