Бишкекте окуучулар жабыркаган жол кырсыгы боюнча тергөө жүрүүдө

Бишкектен «Манас» аэропортун көздөй бараткан жолдогу жол кырсыгы боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков 24-апрелде “Азаттыкка” билдирди.

 

Анын айтымында, кырсыкка кабылган эки унаа тең убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жол кырсыгына кичи бустун катуу ылдамдыкта жүргөнү себеп болгонун билдирди.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот.

 

Борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов билдиргендей, автокырсыктан жаракат алып ооруканага жалпы 27 бала кайрылган. Анын үчөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган. Төрт бала реанимацияга түшүп, үчөө 22-апрелде эсине келип палатага которулду. Дагы биринин абалы дагы деле оор бойдон.

 

Айдоочу №4 травматология ооруканасына жаткырылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары болгон. Автобус балдарды мектепке ташып турган.