Кыргызстанда окуу жайлардын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алар Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык
колледжинин жана Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин имараттары.
Учурда объектилерди кара калыбына келтирүү жумуштары башталды.
Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен камсыздалат.
Иштер 8 айда аягына чыгып калат. Мындан тышкары, жыл аягына чейин
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан 6 колледж ремонттолот.