Ысык-Көлдүн Михайловка айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бала бакча 100 орунга ылайыкталып, 2 кабаттуу болот.
Анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда.
Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу аяктаса, 25 кызматкер иш менен камсыз болот.
Объектти болжол менен кийинки жылдын жай айларында пайдаланууга берүү пландалууда.