Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди

Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААКсынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Максат Мажитов «Кабар» маалымат агенттигиндеги брифингде билдирди.

 

Анын айтуусуна караганда, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам 16-сентябрда «Кыргызтелекомдун» Лейлек тарапка кеткен магистралдык кабели жабыркаган. «Лейлекке резервдик радиолиниялык станция аркылуу интернет жеткирилип турду, бирок барына эмес. Ылдамдыктын аздыгына байланыштуу айрым абоненттерди өчүрүүгө туура келди», — дейт ал.

 

Мажитов чек ара кагылышуусу орун алган күндөн тартып Баткен району боюнча 116, Лейлек району боюнча 77 абоненттин интернети ар кандай себептерден улам иштебей калгандыгын билдирди.

 

«Анын ичинен Баткен району боюнча 17 мектеп, 7 интернет таркатуучу жабдуулар, 1 базалык станция, 1 санариптик станция иштебей калган. Лейлек району боюнча 7 мектеп, 6 интернет түйүнү иштен чыккан. Учурда 70 пайызы оңдолуп, бүгүнкү күндө иштеп жатат», — деди Мажитов.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

 

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.