Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштерин ушул жылы аягына чыгаруу пландалууда

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштерин ушул жылы аягына чыгаруу пландалууда.

Унаа жана жолдор министрлигинен 24 агенттигине билдиришкендей, трассаны оңдоо иштери учурда

Сокулук районунда жана Романовка айылында жүрүп жатат. Аталган тилкелерге асфальт төшөлүп,

курулушка даярдык көрүлүп, жер тегизделүүдө. Долбоорду кытайлык компания ишке ашырууда.

Белгилеп кетсек, алгач жалпысынан 52,5 чакырым тилкени калыбына келтирүү пландалган.

Бирок бюджеттин тартыштыгынан улам жолдун 45 чакырымы гана оңдоп-түзөлөт.