Бишкекте Масалиев көчөсүнүн бир бөлүгүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкекте Масалиев көчөсүнүн бир бөлүгүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул күнү “Ынтымак” эс алуу багында дуатлон боюнча мелдештер өтөт.

 

Буга байланыштуу, трассанын бир тарабы кыймылга жабылат. Тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

 

Белгилеп кетсек, мелдештерге 200дөн ашык спортчу катышат, анын ичинде чет мамлекеттерден келгендер да бар.