Бишкекте 2-6-класстар үчүн окуу процесси белгисиз убакытка жылдырылды. Мэрия медиктердин сунушу эске алынып, 6-октябрдан баштап 2-6-класстар окубай турганын маалымдады.
Аралыктан билим алуу уланууда. Калаадагы эпидемиологиялык абалга көз салуу жүргүзүлүүдө. Эске салсак, буга чейин 2-6-класстардын окуучулары бүгүнтөн тарта мектептерге кайтып келет деп айтылган.