Лейлек районунда жаңы мектеп пайда болот

Лейлек районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Гөлбө айылында курулууда.

 

Имарат 275 окуучуга чакталат. Долбоордун алкагында мектепте кол эмгек кабинети, медициналык түйүн, китепкана, машыгуучу зал жана ашканасы болот. Курулушка 900 миң долларды Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.