ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 137ге жетти

ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 137ге жетти.

Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик

инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди. Анын айтымында,

биздин өлкөнүн ишканаларын ЕАЭБдин ар бир мамлекети тааныйт.

Товарларды биримдик ичине жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тоскоолдук болбойт.

Ал эми керектөөчүлөрдүн саны өткөн жылдагы маалымат боюнча 182 миллион адамдан ашык.