Быйыл «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында 10 миң келишим түзүлүшү мүмкүн.
Муну менен 50 миңдей адамдын жашоосу жакшырат, — дешти Эмгек министрлигинен.
Учурда аталган проекттин алкагында Таластагы 10 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди.
Каражат алгандар бизнес баштап, жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек.
Белгилеп кетсек, аталган долбоор калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында былтыртан тарта ишке ашырылууда.
2022-жылы 2 миң 800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.