Кыргызстан инвесторлор сотко кайрылган алдыңкы 20 өлкөнүн катарын толуктады

Кыргызстан инвесторлор сотко кайрылган алдыңкы 20 өлкөнүн катарын толуктады.

Бул тууралуу Эл аралык каржы корпорациясы «Инвесторлорду коргоо жана эл аралык инвестициялык макулдашуулар» аттуу акыркы изилдөөсүндө билдирди.

Изилдөөдө жалпысынан 120 мамлекет инвесторлор менен талаш-тартыштарда жоопкер болгон.

Кыргызстандын эсебинде 16 соттук процесс болуп, алар экономиканын банк, энергетика, туризм, тоо-кен, кыймылсыз мүлк, байланыш жана курулуш тармактарына таасирин тийгизген.

Чечим чыккан иштер боюнча бир дагы доо Кыргызстандын пайдасына чечилген эмес.