Баткендеги сел алып кеткен Зардалы унаа жолу калыбына келтирилди

Баткенде сел алып кеткен Зардалы унаа жолу калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июль күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн аймагында тоо этектерине жаап өткөн жаандан улам сел суулары түшүп, Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 40-чакырымында болжол менен 300-400 куб метрди түзгөн кум шагыл түшкөн. Анын кесепетинен жол каттамы убактылуу жабылган.
Калыбына келтирүү иштерине №2 Жол тейлөө ишканасынан 4 кызматкер жана 1 бирдик эксковатор тартылып, сел калдыктарынан тазалоо иштери толугу менен аяктады.
Учурда жол каттамы ачык.