Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннель 17-июлга чейин маал-маалы менен жабылат

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель 17-июлга чейин маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

 

Маалым болгондой, мындай чектөө электр кабелин алмаштырууга жана вентиляция системасын калыбына келтирүүгө байланыштуу киргизилген. Ага ылайык, тоннелде 15-июль (саат 4:00дөн 6:00гө чейин), 16-июль (саат 10:00дөн 12:00гө чейин) жана 17-июль (саат 14:00дөн 16:00гө чейин) күндөрү маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.

 

Белгилей кетсек, 5-июлда тоннелдин ичинде унаа бузулуп, күйүп жаткандыгына байланыштуу унаалардын бардык түрүнө тоннель эки тарабынан убактылуу жабылган. 7-9-июль күндөрү электр жарыгын жана вентиляция системаларын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.