Салык отчетторун милдеттүү түрдө электрондук формада тапшыруу жылдырылды

Салык отчетторун милдеттүү түрдө электрондук формада тапшыруу жылдырылды.

 

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара коронавирус пандемиясынан кийин ишкерлик субъектилерди колдоо максатында кабыл алынды.

 

Уюмдар отчетторун жөнөкөй электрондук кол тамга менен  ушул жылдын апрелинен тарта өткөрсө, 1-январдан тарта квалификациялык кол тамга менен тапшырышы керек. Ал эми жеке ишкерлер 1-январдан тарта жөнөкөй электрондук кол тамга менен тапшырат.