Бишкекте Абдылас Малдыбаевдин айкели орнотулат

Бишкектеги Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдына композитор Абдылас Малдыбаевдин айкели тургузулат. Бул туурасында аталган театрдын Фейсбук баракчасында жазылды.

 

Маалыматка караганда, айкел маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун демилгеси менен тургузулмакчы.

«Бүгүн театрдын директору Алмаз Истамбаев министрдин жеке көрсөтмөсү менен белгилүү скульптор Шестопал Виктор Арнольдовичтин өнөрканасында болду.

Министрликтин жетекчилигинин жеке көзөмөлү менен каржы бөлүнүп, толук даяр кылуу мөөнөтү аныкталды», — деп жазылат маалыматта.