Парламенттик шайлоого добуш берүү үчүн Россияда кыргызстандыктарды каттоо 12-ноябрь, эртең аяктайт.
Аталган мамлекеттеги биздин элчиликтен билдиришкендей, жарандар ага чейин консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматын тапшырышы керек. Шайлоо тилкелери Москва, Санкт-Петербург, Сургут,
Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск,
Хабаровск, Владивосток шаарларында ачылат. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.