Дүйнөнүн эң бай адамы андан дагы байыды. Соода фонддорунун жыйынтыгы менен Амазон компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостун байлыгы дагы
8 миллиард долларга өстү.
Учурда Безос 221 миллиард долларга ээлик кылат, — деп маалымдайт Bloomberg. Бул сумма рекорддук болуп эсептелет жана мындай чоң сумма рейтингде биринчи ирет катталууда.