Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого упай төмөндөтүлдү

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого упай төмөндөтүлдү. Билим берүү министрлигинин маалыматында, кеп майыптыктын 1-жана 2-тобундагы жарандар тууралуу болуп жатат.

 

Алсак, гранттык орундарга талапкерлер негизги тестирлөөдө 100 балл алышы керек, ал эми контракттык негизде окууга өтүү үчүн аларга 95 балл жетиштүү болот.

 

Медициналык жана фармацевтикалык адистиктер эске алынбайт.