Баткенге жардам. Атайын эсепке 226 млн 900 миң сомдон ашык каражат түштү

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 226 миллион 900 миң сомдон ашык каражат түштү.

Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат.

Белгиленгендей, каражат азырынча эч кандай муктаждыкка жумшала элек.

Эске салсак, материалдык колдоону бардык каалоочулар көрсөтүп, акча которо алат.

Тиешелүү реквизиттер novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө жеткиликтүү.