Кыргызстанга Кытайдан келген жүк Өзбекстан аркылуу Афганистанга жөнөтүлдү

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан» каттамын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга Кытайдан 12 контейнер жүк келип, темир жол аркылуу Афганистанга жөнөтүлдү.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына ылайык, жүк Кытайдан унаа жолу менен келип, «Ош» станциясында вагондорго жүктөлүп, андан ары Өзбекстанга темир жол аркылуу жиберилди.

Кошумчалай кетсек, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өзүнчө долбоор.

Ал учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо стадиясында.