Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.

Бул тууралуу маалымат каражаттары Акорданын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Анда Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берерин айтып, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгиледи.

Буга чейин Казакстанда Конституция өзгөртүлүп, президенттик ыйгарым укуктун мөөнөтү азыркы беш жылдан жети жылга узартылып, кайра шайлануу укугу алынып салынган.

Өлкөнү үч жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаев келерки шайлоого катыша турганын билдирген.