Баткенге жардам. Атайын эсепке дээрлик 295 млн сом түштү

Баткендеги жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 295 миллион сом түштү.

Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат.

Белгиленгендей, акча азыркы тапта эч кандай муктаждыкка жумшала элек.

Буга чейин маалымдалгандай, аны туура багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.