Бишкекте доллар бир суткада 70 тыйынга кымбаттады

Бишкекте доллар бир суткада 70 тыйынга кымбаттады.

Бүгүн саат 10го карата акча алмаштыруу жайларында америкалык валюта 81 сом 35 сатып алынып,

кайра 81 сом 55 тыйындан сатылууда. Кечээ ушул эле убакта доллардын куну 80 сом 43 тыйын жана

80 сом 80 тыйында кармалып турган. Белгилеп кетсек, Улуттук банк америкалык валютанын баасын

турукташтыруу максатында 15-октябрда интервенция өткөргөн. Анда башкы каржы мекемеси

17 миллион 100 миң доллар менен каржы рыногуна чыккан.

Бирок мындай чара азырынча жыйынтыгын бере элек.