Баткен облусунун 120 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө кайтты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеме облус боюнча жалпысынан 136 миң 770 адам эвакуацияланганын белгиледи.
Алардын баары Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарына убактылуу жайларга же туугандарына жайгаштырылган.