Базар-Коргондо аз камсыз 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон райондук хатибияттын демилгеси менен уюштурулду.
Саамалыкта ун, кумшекер, макарон, өсүмдүк майы, туз, күрүчтөн турган наркы 1 миң 100 сомдук азык-түлүк баштыкчалары муктаж адамдарга берилди.