Бишкекте жаңы автобустар кийинки жумада жүргүнчүлөрдү ташып баштайт

Бишкекте жаңы автобустар кийинки жумада жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Мэрия маалыматына ылайык, 120 автобустун бир бөлүгү №113, 213, 214 маршрутук линиялардын ордуна чыгат.

 

Ал эми бул жоюлуп жаткан маршруттардын айдоочуларына №244, 245 линиялар сунушталды. Бишкек шаардык кеңештин  2004-жылдагы токтомуна ылайык, чоң жүргүнчү ташуучу транспортко артыкчылык берилет.

 

Муниципалитеттен белгилешкендей, кошумча автобустар түшкөндө шаарды бошотуунун экинчи этабы башталат.