Бишкекте Ноорузду майрамдоого бөлүнгөн каражат шаар бюджетинде калат

Бишкекте Ноорузду майрамдоого бөлүнгөн каражат шаар бюджетинде калат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, коронавирустун жайылышын алдын алууга байланыштуу өлкөдөгү массалык иш-чаралар белгиленбейт.

 

8-март жана Ноорузду белгилөөгө каралган 4 миллион  200 мин сом шаардык бюджетте калып, кийинки иш-чараларга сарпталат. Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан ушул жылга 17 ири иш-чараны өткөрүү пландалган.