Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы көпүрө пайда болот

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы көпүрө пайда болот. Өтмөктүн курулушу Жоокесек тилкесинде башталды. Көпүрөнүн узундугу 32 метрди түзөт. Анын колдонууга берилиши менен 167 үй жаратылыш кырсыктарынан корголот.

 

Белгилеп кетсек, курулуш иштери чукул кырдаалдарды алдын алуунун алкагында жүргүзүлүп жатат.