Бишкектеги Айт намазга 40 миңдей киши катышты

Бишкектеги Эски аянтка Орозо айт намазын окуу үчүн 40 миңдей киши чогулду.

 

«Кабар» агенттигинин маалыматына караганда, намаз башталганга чейин аалымдар жана муфтий Замир Ракиев куттуктап, баян айтты.

 

Ал эми майрамдык намаз саат 07:30да окулду.

 

Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты.