Каржы министрлиги быйыл каражатты негизинен билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлөт

Каржы министрлиги быйыл каражатты негизинен билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге мекеменин орун басары Руслан Татиков билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бул жылы жаңы мектеп жана бала-бакчалар салынат жана буга чейин курулушу токтоп турган объекттер жанданат. Чиновник бул багытта жалпы канча акча сарпталарын тактаган жок.

 

Эске салсак, өкмөт жыл аягына чейин 100 мектеп курулат деп жарыялаган.