Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр күчүнө кирет.
Калаа мэриясынын маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал начарлап жаткандыктан
1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. 9-11-класттар гана салттуу режимде
окууну улантат. Ал эми жеке менчик мектептерге окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат.
Ошондой эле коомдук жайларда текшерүү күчөтүлүп, тамактануучу, эс алуучу жайлар, кафе-ресторандар,
мечиттер көзөмөлгө алынат. Алгач санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилет,
андан кийин рейд жүргүзүлөт, талаптарды аткарбагандар жабылат.