“Титаник” кемесин адамдарга көрсөтүп туруу пландалууда

“Титаник” кемесин адамдарга көрсөтүп туруу пландалууда.

«Известия» басылмасы билдиргендей, туристтик экспедициялар 2021-жылдын май айында башталат.

Жыл сайын майдан сентябрга чейин жумасына бир жолу деңиз кемеси көрсөтүлөт.

Ал үчүн беш кишиге ылайыкталган, 8 саатка суу алдында жүрө турган кайык колдонулат.

Билеттин баасы 125 миң доллар. Саякатчылар Канаданын Ньюфаундленд аралынан алынып кетет.

“Титаник” мындан 108 жыл мурда Түндүк Атлантикадагы айсберг менен кагышып, чөгүп кеткен.

Учурда кеме 3 миң метр тереңдикте жатат.