Бишкекке Түркиянын Даламан шаарынан алгачкы чартердик каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Даламан – Бишкек – Даламан каттамы жумасына бир ирет, шаршемби күндөрү аткарылат.
Биринчи рейс менен Бишкекке 63 адам учуп келсе, кайра Даламанга 178 жүргүнчү бет алды.