Унаа жана жолдор министрлиги кышкы сезонго даярданууда

Унаа жана жолдор министрлиги кышкы сезонго даярданууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ашуулардагы жана

трассаларды карларды тазалоого тиешелүү техникалардын бары даяр.

Жолдогу муздар үчүн себүүгө багыттала турчу инерттүү материалдар да толук көлөмдө камдалды.

Министрликтен белгилешкендей, техникалар жана кызматкерлер кызматка даяр.

Андыктан, кыш бою трассаларда кыймылга кыйынчылык жаралбайт.