Түндүк-түштүк альтернативалык жолдогу туннель жана эстакадалык көпүрө акылуу болот. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Трассада жүрүү тарифи бекитиле элек, анткени, жолдун расмий ачылышына дагы 1,5-2 жыл бар, — дешти ведомстводон.
Буга чейин министрдин орун басары Нурлан Кайынбаев билдиргендей, түндүк-түштүк альтернативалык жолдо жүрүү үчүн айдоочулар болжолдуу түрдө 150 сом, ал эми жүк ташуучу унааларга 400-600 сомдон төлөшү мүмкүн. Эске салсак, түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативалык трасса кредиттик каражатка салынууда.