Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу 700 миңге көбөйдү. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, шайлоочулар тизмесине 3 миллион 523 миң кыргызстандык кирди. Бул 2015-жылкы парламенттик шайлоолордон 27,6 пайызга көп.
Эске салсак, мыйзамга ылайык, шайлоолордо биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар гана добуш бере алат. Жогорку Кеңеш депутаттарын тандоо ушул жекшемби, 4-октябрда өтөт.