Өлкөдө электр энергиясынын баасы КМШ мамлекеттери менен салыштырмалуу, эң төмөн болуп эсептелет. Регнум өкмөт аппаратына шилтеме келтирип билдиргендей, алсак, Россияда калк үчүн тариф киловатт саатына 10 центти түзсө, бизде 1 киловатт саат болгону 1 центке айланат.
Белорусия, Казакстан, Азербайжанда 6 цент, Армения, Грузияда – 9, Украинада 3 цент. Ал эми Өзбекстан, Тажикстанда электр энергиясынын баасы бизге салыштырмалуу 2 эсе кымбат, 1 киловатына 2 цент.