Билим берүү министрлиги 2-6-класстар үчүн мектепте окуу эрежелерин иштеп чыкты. Ага ылайык, эгер мектепте 200дөн ашык окуучу болсо, сменалык окуу процесси уюштурулат.
Ошондой эле, аба-ырайынын шарттарына жараша, сабактарды ачык асман алдында өткөрүү сунушталды. Андан тышкары, мектептерде массалык иш-чараларга тыюу салынды.
Имараттар жана мектеп короолору байма-бай дезинфекцияланып турушу керек. Эске салсак, 2-6-класстын окуучулары 6-октябрдан тарта салттуу форматта билим алып баштайт.