Мексикада аял иши жок калган уулун үйдөн шыпыргы менен кубалады

Мексикада аял иши жок калган уулун үйдөн шыпыргы менен кубалады. 30 жаштагы эркек пандемиядан кийин жумушсуз калып, ата-энесиникине көчүп келген. Аял уулун кол кабыш кылат деп үмүттөнгөнү менен, ал кечке сыналгынын алдында видео оюндарды ойноп жатып алган.

 

Андан кийин аял бир тууганын чакырып, баласын үйдөн кууп чыкты. Эми эркек сотко кайрылды. Анын жыйынтыгы кандай боло турганы белгисиз. Бирок интернет колдонуучулардын көбү эненин тарабында.