Бардык мамлекеттик органдар шайлоолорду өткөрүүгө даяр

Бардык мамлекеттик органдар шайлоолорду өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, жалпысынан 2 минден ашык шайлоо участкасы ачылды.

 

Алардын бардыгы зарыл техника менен камсыздалды. Ошондой эле, тилкелерде санитардык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты. Шайлоолорду өткөрүүгө 700 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.

 

БШК анын 400 миллионун учурга карата өздөштүрдү. Эске салсак, парламенттик шайлоолор ушул жекшемби, 4-октябрда өтөт. 16 партия ат салышууда.