Нарын шаарынын мектептеринде окуучулардын кышкы эс алуусу дагы 1 жумага узартылды

Нарын шаарынын мектептеринде окуучулардын кышкы эс алуусу дагы 1 жумага узартылды.

Ал 1-класстын окуучуларына тиешелүү. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Кубанычбек Маматовдун айтымында, узартылган эс алуу кышкы суукка байланыштуу.

Ал эми башка класстын окуучулары бүгүнтөн тарта мектепке кайтышты. Маматов белгилегендей,

мындай эс алуу аталган шаардын билим берүү мекемелерине гана тиешелүү жана 1-класстын

окуу программасы боюнча 1 жумалык узартылган эс алуу каралган. Андыктан окуучулар артта калбайт.