Билим берүү министрлиги Баткенде үйүндө окуучуларга сабак өткөн мугалимге ноутбук ыйгарды

Билим берүү министрлиги Баткенде үйүндө окуучуларга сабак өткөн мугалимге ноутбук ыйгарды.

Ал Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимова.

Эске салсак, мындан эки күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган.

Педагог ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү үчүн үйүнө чакырган.

Сабак 15 мүнөткө созулуп турчу. Учурда билим берүү аралыктан жүргүзүлүп жатат.