Ош облусунун Кара-Суу районунда жакынкы аралыкта заманбап оорукана ачылат

Ош облусунун Кара-Суу районунда жакынкы аралыкта заманбап оорукана ачылат.

Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, медициналык мекеме

Баш-Булак айылындагы 3 кабаттуу, №64-кесиптик лицейдин базасында пайда болот. Объекти 150 орунга чакталат.

Имараттын чатыры жана жылуулук системасы толугу менен оңдолду. Учурда жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Иштерди 100дөн ашык кызматкер аткарууда. Оорукана электрондук саламаттыкты сактоо системасына кошулат.

Иштер «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» жана республикалык бюджеттин эсебинен жүрүүдө.