Билим берүү министрлиги балдарды бала бакчага жибербей турууну сунуштайт

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга даяр. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында министридин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

 

Маалым болгондой, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга уруксат берилди, бирок министрлик өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайт.

 

«Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Биз ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде баланы карай турган адам болсо, анда коопсуздук максаттарында баланы үйгө эле калтырган оң болот», — деди ал.

 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин, социалдык аралык эрежелерин сактоону эске алуу менен жаңы ыкма иштелип чыккандыгын белгиледи.

 

Эске сала кетсек, 5-июнга карата өткөрүлгөн Республикалык штабдын жыйынында үй карантинин сактоо, коомдук жайларды дезинфекциялоо иштерин күчөтүү да талкууланды.